«Ата-Мекенди» парламенттик шайлоого ким жетектеп барары белгилүү болду

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 17:34
0 ой-пикир

“Ата Мекен” партиясын парламенттик шайлоого Жанарбек Акаев жетектеп барат. Бул тууралуу партия лидери Өмүрбек Текебаев 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде алар парламентке келсе Жанар Акаев фракция лидери болот. Фракция көпчүлүк коалицияга кирсе, анда Жанарбек спикердин же премьер-министрдин кызматына талапкер болот.

Текебаев ага «тизменин башында символикалык, формалдуу түрдө гана турбастан, жеңишке жетүү, жеңиштин башында болуу деген жооптуу миссия жүктөлүп жатканын» кошумчалады.

Ал эми өзү тууралуу саясатчы сот процесси дагы эле жүрүп жатканын айтып, «Партиянын тизмесинде боломбу-жокпу, белгисиз» деп жооп берди.

Жанарбек Акаев өзү азырынча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, 5-июнда Кыргызстанда бир топ белгилүү саясий партиялардын лидерлери биригишип, «Жаңы дем» аттуу альянс түзүлгөндүгүн жарыялашты.

Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, ЖК депутаты Жанарбек Акаев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.

Аталган бирикменин негизги максаты — быйыл күздөгү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу экени белгилүү болгон.

Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.