Бишкектин чок ортосунан өрт чыкты

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 19:30
0 ой-пикир

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан тез татым жайлардын биринде өрт чыкканын ӨКМден билдиришти.

Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан бургер жайын жалын каптап, бир бригада иштеген. 

Өрт өчүрүүчүлөр ал жерге 17:30да барган. Азыр тилсиз жоону толук өчүрүү менен алек болуп жатышат. Кырсыктын эмнеден чыккандыгы боюнча так маалымат айтыла элек.

Тилсиз жоо саат 18:27де өчүрүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.