Боронов: Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат

Окуялар тизмеги 07 Июн 2020 12:49
0 ой-пикир

Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда коронавирус жуктургандар көбөйдү.

Республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкандан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйгөн. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылгандардын саны көбөйүүдө.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

«Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы көбүнчө эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат», — деген Кубатбек Боронов үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантууну кошумчалады.

Республикалык штаб «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Бишкекте иштөө максатында чет өлкөлүк адистердин (анын ичинде ЕАЭБ жарандарынын) келүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2007ни түзөт. Алардын ичинен 531 Бишкек шааарынла аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.