ЖАМК: Камакта каршылык акциясы эмес, туулган күнү менен куттуктоо акциясы өттү

Окуялар тизмеги 06 Июн 2020 18:53
0 ой-пикир

5-июнда кечки саат он чамасында Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде камактагы адамдардын кыйкырык-сүрөөнү угулган. Ошол тараптагы жашоочулардын айтымында, абактагылар болжол менен жарым сааттай темирди кашык менен ургулап турушкан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы бүгүн 5-июнь күнү №1 тергөө абак жайында каршылык акциясы эмес, камактагылардын бирин куттуктаган акциясы өттү деп билдирди.

«Камактагы адамдар байланышта болбогондуктан куттуктоо үчүн каалгаларды такылдатышкан. Андан кийин эрежеге ылайык эс алуу мөөнөтү жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Мындай окуялар дүйнөнүн пенитенциардык системасында боло жүрчү көрүнүш экендигин да белгилей кетишти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.