УКМК: «Кыргыз темир жолу» ишканасынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 16:24
0 ой-пикир

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары көзөмөлүндө болгон чарба субъекттеринин катышуусу менен жогору баада мамлекеттик сатып алууларды уюштурган туруктуу схема аныкталган. Ал чарба субъекттери түзүлгөн келишимдин өлчөмүнөн 15%ын ишкананын мурдагы жетекчилигине берип турган. Соттук өндүрүштүн алкагында белгиленген соттук экспертиза жана Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына ылайык айрым мамлекеттик сатып алуулар боюнча гана мамлекетке бир топ материалдык зыян келтирилгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип 4 адам кармалган. Алардын арасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын учурдагы жана мурдагы жооптуу адамдары, камсыз кылуучу компаниянын бир өкүлү бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.