Текебаев, Сариев жана Акаев шайлоого бирге бармай болушту

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 12:01
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир топ белгилүү саясий партиялардын лидерлери биригишип, «Жаңы дем» аттуу топ түзүлгөндүгүн жарыялашты.

4-июнда кабыл алынган меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтөрдүн коалициясы») кол коюшкан.

Аталган альянс шайлоо алдындагы гана долбоор эмес экенин, узак мөөнөттүү долбоор экени айтылды.

Меморандумда «биз элибиздин каада-салтын, баалуулуктарын жана уникалдуу маданиятын сактоо жаатында консерваторбуз. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кандай чечим болбосун, реформаторлук көз карашты бекем сактайбыз» деп айтылды.

Саясатчылар коронавирус пандемиясынан улам учурда өлкөдө ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын жана аталган саясий бирикме ушул шартта Кыргызстанды өзгөртчү конкреттүү иш-аракеттердин «жол картасын» жарыяларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл күзүндө Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.