МКК «iGov» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тиркеме элге эмне берет?

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 17:15
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Акын Мамбеталиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Акын Мамбеталиев өлкөнүн каттоо-эсепке алуу системасынын азыркы абалы, аны өнүктүрүүнүн келечеги, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. «IGov» мобилдик тиркемеси иштелип чыккандыгы жана жарандар алыстатылган идентификациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышары айтылды.

Бул тиркемеде электрондук документтер — айдоочулук күбөлүк, автоунаа техпаспорту, ID-карта камтылат. Анын жардамы менен жарандарда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өзүн идентификациялоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине санарип форматындагы документин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Ошондой эле паспорт, жарандык абалдын актыларын жазуу (нике), банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөр камтылат.

Мындан сырткары, МКК төрагасы келечекте «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу ар бир айыл өкмөтү жана жарандар боюнча бардык маалыматтарды бириктирүүгө мүмкүндүк бере турган «Санарип аймак» долбоорунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Айыл аймактарынын тургундары белгилүү бир мамлекеттик кызматтарды райондук борборго келбей туруп эле айыл өкмөттөрүндө ала алышат.

Акын Мамбеталиев үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында беш жаңы Калкты тейлөө борборун (КТБ) ачуу мерчемделип жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунааларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү жана коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү максатындагы АвтоКТБны ишке киргизүү пландары жөнүндө айтып берди.

Бишкек шаарында эки АвтоКТБ ачуу болжолдонууда, биринчисин 2020-жылдын июль айынын соңунда, экинчисин жылдын аягына чейин ачуу пландаштырылып жатат.

Ошондой эле ал ушундай АвтоКТБларды жыл ичинде Талас, Каракол жана Чүй облусунун Жайыл районуна ачуу пландары тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын жетиштүү турмушу, алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү көбүнесе калкты, транспортту, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынан көз каранды болоорун өзгөчө белгиледи.

Негизги багыттар өлкөнү өнүктүрүүнү санарип негиздер менен алдыга жылдыруу боюнча демилгелерди улантуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, өзгөчө, аймактарда көтөрүүгө багыт алуу болушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.