4-июнга карата бир сутка ичинде Өзбекстанда коронавирус 105 адамдан табылган. Ошол эле учурда 155 бейтап илдеттен арылган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө инфекциясын жуктургандардын саны 3 миң 874 адамга жетти. Анын 3 миң 14ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 16 бейтап каза болду. 844 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын тогузунун абалы оор болсо, экөө өтө оор абалда
Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.