«Түндүк» темир жол бажысынын экc-башчысы Нурбек Айбашев камагына чыкты

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 16:08
0 ой-пикир

“Түндүк” бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июнда кабыл алган.

Учурда бажычы Айбашевдин коррупцияга байланышкан иши боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек. Богөт чарасы өзгөргөнгө чейин ал №1 тергөө абагында отурган.

Эскерте кетсек, Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.

Тергөө учурунда Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. Ишти Октябрь райондук соту карап жатат.

Тасмада: Бажычы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру

Видео: Азаттык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.