“Түндүк” бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июнда кабыл алган.
Учурда бажычы Айбашевдин коррупцияга байланышкан иши боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек. Богөт чарасы өзгөргөнгө чейин ал №1 тергөө абагында отурган.
Эскерте кетсек, Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.
Тергөө учурунда Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. Ишти Октябрь райондук соту карап жатат.
Тасмада: Бажычы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру
Видео: Азаттык