Сооронбай Жээнбеков аймактардын жетекчилери менен онлайн-жыйын өткөрүүдө

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 10:58
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка караганда, жыйында өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланат.

Онлайн диалогдо Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү министри Каныбек Исаковдун аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентациялары өтөт.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өлкөнүн санариптик трансформациясы мамлекеттик саясатынын алкагындагы аймактарда иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун жер-жерлердеги терс кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.