Шайлоо босогосун 9%дан 7%га чейин төмөндөтүү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 14:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гульнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.

Мыйзам долбоорунда каралган шайлоо тоскоолдугун 9дан 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушу жыйында колдоо таап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда болору айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.