Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 18:18
0 ой-пикир

Борбор калаада Covid-19 инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди. 

Анын айтымында, лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында коронавирус 499 адамда тастыкталган.

«Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ошол эле учурда коронавирустна 300 бейтап айыкты» — деп билдирди вице-мэр.

Борбор калаанын башчысынын орун басары шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.