Нарында коронавирус жуккан бейтап каза болду

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 10:19
0 ой-пикир

Соңку суткада Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон аял 13-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан.

«Коронавирус жуктуруп алган бейтаптын оорулары көп болгон. 29-майда реанимацияга которулган, 30-майда пневномияга күмөн болуп, инфекциялык госпиталга которулган. Бирок кечинде абалы кескин түрдө курчуп, көрүлгөн медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп каза болду», — дейт.

Үсөнбаев кошумчалагандай, өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы коронавирус жуккан жаңы 28 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 1845ке жетти. Алардын ичинен 1219 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.