Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Президенттер жаңжалдарды болтурбоо боюнча чараларды көрүүнү макулдашты

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 09:13
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 2020-жылдын 31-май күнү чек арага танапташ жерде болгон конфликттик кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери эки өлкөнүн элдери илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары коронавирус пандемиясы учурунда бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышты.

Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан кыргыз тараптан 15 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган. Жаңжал аймактагы Чечме булагын талашуудан чыкканы маалымдалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.