Депутат: Коронавируска каршы каражаттарды сарптоодогу коррупция боюнча айың кептер тарап жатат

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 08:16
0 ой-пикир

Коронавирус пандемиясы менен күрөөшүгө чет жактан келген каражаттарды сарптоодогу коррупциялык жагдайлар тууралуу айың кептер тарап жатат. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Ошондой эле ал илдетке каршы күрөшүү жаатында жумшалып жаткан каражаттардын көлөмүнө кызыкты. Министрликти каржы жаатында ачык-айкын маалымат берип турууга чакырды.

Ал эми өкмөт өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, эл аралык валюталык фонддон 240 млн АКШ доллары келгенин, 9 млн АКШ доллары башка долбоорлордон багытталганын, 15 млн АКШ доллары Бүткүл дүйнөлүк банктан, 20 млн АКШ доллары Азия өнүктүрүү банкынан сунушталганын маалымдады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.