Жээнбеков: Балдар — биздин кубанычыбыз, үмүтүбүз жана жашообуздун мааниси

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 11:30
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу балдарым!

Жалпы дүйнө жүзү менен бирге жайдын алгачкы күнү биздин өлкөбүздө Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленет.

Балдарды ар тараптан колдоо, алардын укуктарын урматтоо, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомубуздун да милдети.

Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек.

Мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо — мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталды.

Ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Кымбаттуу балдарым!

Силерди майрамыңар менен куттуктайм!

Биздин кубанычыбыз, биздин үмүтүбүз, жашообуздун мааниси — силерсиңер!

Баарыңарга чың ден-соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалайм!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.