ТИМ: АКШдагы башаламандыктарда кыргызстандыктар жабыркаган жок

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 21:09
0 ой-пикир

Кошмо Штаттарда болгон башаламандыктарда каза болгондордун, жабыркагандардын же кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Министрлик жана Кыргызстандын Вашингтон шаарындагы элчилиги АКШдагы абалга байкоо салып, анын аймагында болгон мекендештерди коопсуздук чараларын сактоого жана эл чогулган жерлердин алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Байланышуу даректери: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg или kgembassy.usa@mfa.gov.kg.

Эске салсак, бир жума мурун Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоо өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Вашингтондо 31-майда Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет паркына жүздөгөн киши нааразылык акциясына чогулуп, кээ бирлери парктын кире беришин курчоого алган полицияны көздөй желим шишелерди ыргытып жатты. Караңгы киргенде кеминде эки жерде өрт чыкканда тартип коргоочулар жаш агызчу газ жана кулак тундурган граната колдонушту.

Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зомбулук менен коштолду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.