Россияда кыргыз мигрантынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 18:36
0 ой-пикир

Россияда Камчатка аймагында курулуш тармагында иштеп жаткан кыргыз мигрантынын каза болгонуна жана экинчиси жараат алганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, кырсык 25-майда Петропавловск-Камчатский шаарында болгон. Көп кабат үйдүн чатырын оңдоого эки кыргыз жараны тартылган. Иш учурунда алар чатырдан кулап кетишкен.

Укук тартибин коргоо органдары алар менен эмгек келишими түзүлбөгөнүн, коопсуздук чаралары сакталбагандыктан кырсык болгонун билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.