Ошто «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү колго түштү

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 12:10
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунда коңшу өлкөдө экстремизм үчүн издөөдө жүргөн 49 жаштагы адам кармалганын кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, ал «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү жана Борбор Азия аймагында экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон.

«Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылды. Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилди. Учурда аны жоопко тартуу үчүн белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселеси каралып жатат.

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын саны — 21.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.