Бишкекте митинг. Атамбаевге каршы жана аны колдогондордун акциясы өтүп жатат

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 11:42
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыккандардын жана аны колдогондордун митинги өтүүдө.

Айрымдары «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!» деп кыйкырып турушат.

Ал эми мурунку президентти колдогондор «Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын күнөөсү жок, алар акталсын» деген талап коюшту. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Атамбаевге каршы митингдин артында бийлик турат» деген пикирин билдирди.

Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти улантып карап жатат.

Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 200дөн ашык адам жабыркаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.