Бишкекте 18, Чүйдө 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 10:46
0 ой-пикир

Бишкек шаарында 18, Чүй облуусунда 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-майда Бишкек шаарынын Учкун кичирайонундагы Чоң Чүй каналына М.Н. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен.

Ошондой эле Аламүдүн районунда 31-майда  ГЭС-5 айылындагы көлмөдөн 19 жаштагы С.М. аттуу жигиттин жансыз денеси табылган.

Жерине барган куткаруучулар маркумдарды суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.