Бишкек шаарында 18, Чүй облуусунда 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-майда Бишкек шаарынын Учкун кичирайонундагы Чоң Чүй каналына М.Н. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен.
Ошондой эле Аламүдүн районунда 31-майда ГЭС-5 айылындагы көлмөдөн 19 жаштагы С.М. аттуу жигиттин жансыз денеси табылган.
Жерине барган куткаруучулар маркумдарды суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.