Митинг: жаңы ооруканага коронавирус жуккандарды жайгаштырууга шаардыктар нааразы

Окуялар тизмеги 31 Май 2020 21:51
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-майда Бишкекте кыргыз-түрк ооруканасынын жанында митинг өттү. Чогулган адамдар аталган ооруканага Covid-19 жуккан бейтаптарды жайгаштырууга каршы экендигин билдиришти.

Бейтапкана жакын жайгашкан турак-жайлардын жашоочулары буга нааразы экендигин айтууда. Алар бул аймак шаардын эл жыш жайгашкан райондордун бири (шлагбаум району) болгондуктан, коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору экендигин белгилешти.

Буга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылганына байланыштуу коронавирус жуктурган бейтаптар башка ооруканаларга, анын ичинде кыргыз-түрк ооруканасына көчүрүлөрү маалымдалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.