Абактагы укук коргоочу Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады

Окуялар тизмеги 31 Май 2020 09:08
0 ой-пикир

УКМК тарабынын кечээ кармалгандыгы айтылган «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын уулу Азат Рузиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

«Азыр атамдын акыбалы начар, үйдөгүлөр алып барган тамакты да албай, ачкачылык жарыялады. Болгону такай ичкен дарыларын гана алыптыр. Атама келген «Тез жардам» кызматы кан басымы түшүп кеткенин айтыптыр. Ошондой эле эртең баш коргоо чарасы каралат экен, бирок сот жабык өтөт дешти», — деп жазган Азат Рузиев.

Ал кошумчалагандай, атасы акыркы 20 жылдан бери кыйноого кабылган адамдардын укугун коргоп келген, 2006-жылы жана 2017-жылы анын өмүрүнө кол салуу болгон.

Азат Рузиев атасынын күнөөсү жок экенин айтып, ага карата козголгон Жазык кодексинин “документтердин жасалмасы” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде ачылган ишти “эмне үчүн Ички иштер министрлиги эмес, Улуттук коопсуздук комитети иликтеп жатат” деген да суроо салган.

Эскерте кетсек, 30-майда Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев «жасалма документ жасоо» фактысы боюнча айыпталып жатат.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындаган укук коргоочу катары белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.