Балдарды эл аралык коргоо күнүнө карата «Чымыр денелүү балдар» сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди
Агенттиктин маалыматына ылайык, сынакка 7 жаштан 14 жашка чейинки өлкө аймагында жашап жаткан окуучулар катыша алат.
Конкурска катышуу үчүн баланын спорттук өнөрлөрүн чагылдырган 5 мүнөткө чейинки видеону тартуу керек. Андан кийин роликти жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн Telegram 0777 12-85-00 номерине жөнөтүү зарыл.
Видео 7-июнга чейин кабыл алынып, 8-июнда тандалган видеолор Мамагенттиктин @sport.gov.kg Instagram баракчасына жүктөлөт. Ал жактан эл жаккан видеого лайк басып, катышуучуга добуш бере алат.
15-июнда добуштар (лайктар) саналып, анын негизинде өлкөнүн эң чымыр денелүү балдары төмөнкү номинацияда аныкталат:
-кыздар жана балдар арасында;
-ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана балдар арасында.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 32-53-02, 0312 62-52-15 номерлерине чалып, же aijanyl112@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.