30-май: дагы 60 адамдан вирус табылды. Жалпы 1722

Окуялар тизмеги 30 Май 2020 10:06
0 ой-пикир

Кыргызстанда 30-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 60 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 722 адамга жетти.

«Катталган жаңы учурдун ичинен Бишкек шаарында – 23, Чуй облусунда — 1 жана  Нарын облусунда — 32 учур бар. Ошондой эле 2 учур Россиядан келген курсанттардан табылса, дагы 2 учур Оренбург облусунун Бузулук шаарынан келгендерден аныкталды», — деди Үсөнбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.