Өкмөт: Кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы гана макулдашылган

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 17:21
0 ой-пикир

Кыргыз-өзбек чек арасынын 95 пайызы, кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы өз ара макулдашылган. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, ушу тушта эки мамлекет менен чек араларды делимитациялоо боюнча иштер уланып жатат. Ушул кезге чейин өкмөттүк делегациялар кыргыз-өзбек чек арасынын 95 пайызы, кыргыз-тажик чек арасынын 60 пайызы макулдашылган.

2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки жолугушуу болду. Биринчиси, 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өткөн. Экинчиси, 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болгон. COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек.

Ал эми Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында объекттерди куруу жана жер пайдалануудан улам чыккан талаш-тартыштар, андан кийинки чыңалуулар боюнча жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

«Кыргыз өкмөтү Баткенде автожолдун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө» деп жазылган маалыматта.

Жалпысынан чек арадагы өзгөчө статусу бар аймактардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатканы айтылды.

Бул программа 33 иш чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 миллион 250 миң сом каралган. Анын 195 миллиону Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.