Калича Умуралиева УКМКда сурак берип чыкты

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 09:26
0 ой-пикир

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө төрт саат сурак берип чыкты.

Ал «Азаттыкка» Бишкектеги «Ынтымак» паркынан ишкердик кылуу үчүн ижарага орундук берүү боюнча иште күбө катары өтүп жатканын айтты. Мунун алдында УКМКнын кызматкерлери Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Ал арада бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары «Умуралиева 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын» жазышкан.

Ошол эле кезде адвокат Эрик Ирискулбеков бул маалыматты четке каккан. Ал эми Калича Умуралиева «Ынтымак» паркынан ишкердик кылуу үчүн ижарага орундук берүү боюнча Жазык кодексинин «Коммерциялык пара менен сатып алуу» беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Анын сөзү боюнча, Тажыбаев аттуу жаран УКМКга арыз жазган. Умуралиева 28-майда «Ынтымак» паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген адам менен муниципалдык ишкананын ортосунда келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Тажыбаев бул үчүн дароо эки айга 50 миң сом ижара акысын төлөгөнүн, акча бухгалтерияга түшкөнүн билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул иш боюнча расмий маалымат бере элек. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.