Депутат Жети-Өгүз райондук ооруканасына жаңы үлгүдөгү медициналык жабдууларды белек кылды

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 13:15
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев Жети-Өгүз райондук ооруканасына жаңы үлгүдөгү чет элдик медициналык жабдууларды белек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүз миңден ашуун калк жашаган райондо бул оорукана райондогу бирден-бир саламаттыкты сактоо жайы болуп эсептелет. Өздөрүнө тиешелүү дары-дармек, медициналык аспаптарды алып турушканы менен медициналык тейлөөнүн сапатын мындан да жакшыртууга багытталган мүмкүнчүлүктөрү төмөн. Айрыкча, дартты аныктоодо, оорулууларды ашыкча убара кылбай жаткан жеринде рентгенге тартууда жетишпеген жагдайлар арбын. Айрым бир илдетке чалдыккан адамдарды Бишкекке, Алматыга же андан ары жиберүүгө аргасыз болгон учурлар да жок эмес.

Ага ылайык, аз да болсо мына ушул жагдайды жеңилдетүү максатында депутат Жаныбек Бакчиев мекеменин директору менен кеңешип керектүү жаңы үлгүдөгү чет элдик медициналык жабдууларды алдырып келип берди. Анын ичинде төмөндөгүлөр бар:

1.Мобилдик рентген аппараты:Siemens-ПН-1 даана (Европа)

2.Префузиялык ПН сордургуч-3 даана (АКШ)

3.Негатоскоп-1 даана (Европа)

4.Калибирлөө үчүн фантом-ПН (Швеция)

5.Стерилденген атайын костюмдар-25 таңгак (Кытай)

Оорукананын жетекчиси Канат Жумадыловдун айтканына караганда аталган жабдуулар медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга чоң жардам болот. Айрыкча, коронавирус илдети жайылуу коркунучу маалында бир жолу колдонулуучу атайын костюмдардын берилип жатканы дарыгерлердин жүгүн кыйла жеңилдетип койгон.

Жергиликтүү эл депутаттын жардамына терең ыраазычылык билдиришип, буга чейин да үзгүлтүксүз жардам берип, элдин өтүнүчүн дайыма аткарып келатканын белгилешти.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус 14 адамдан табылган. Алардын арасынан 2 учур Жети-Өгүз районунан аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.