Бишкектин вице-мэри менен УКМКнын кызматкери шаардык тургунду аёосуз сабашканбы? Милиция жооп берет

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 14:02
0 ой-пикир

Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев менен УКМКнын кызматкери Чыңгыз Айманбаев катышкан мушташ боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Молдокеев аттуу Бишкектин тургуну 26-майда үйүнө кире бериш жерде УКМКнын кызматкери деген Чыңгыз Айманбаев, вице-мэр Алмаз Бакетаев жана дагы бир киши биригип сабашканын милицияга билдирген. Натыйжада ал жаракат менен Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген.

Бирок, борбор калаанын башчысынын орун басары маалымат булактарында туура эмес кабар тарап жаткандыгын, абройуна көлөкө түшкөнүн айтты.

«Маалымат каражаттарында мен тууралуу текшерилбеген маалымат чыгып кетти. Ал жерде менин эшигиме жакын жерде мушташып жаткандарды ажыратып эле койгом. Мен биринчи кабатта жашайм. Молдокеевди урган эмесмин», — деди Алмаз Бакетаев.

Ал эми УКМКнын кызматкери Чыңгыз Айманбаев окуя боюнча комментарий бере элек. Ал жөнүндө ачык булактарда 2016-жылы Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдикерим Гапаровдун өлүмү боюнча айыпталганы, кийин акталган УКМК кызматкеринин бири экени айтылууда.

2016-жылы февралда Медициналык академиянын ошол кездеги аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров «пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү кармап каза болгону» айтылган. Маркумдун жакындары прокуратурага кайрылып, үч кызматкерге «кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген» деген айып коюлган. Сот аларды 2017-жылы актаган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.