Жээнбеков: Тышкы карызды реструктуризациялоо зарыл

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 20:24
0 ой-пикир

Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков бул жөнүндө бүгүн, 28-майда, БУУнун «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу онлайн видеоконференциясында билдирди.

Мамлекет башчысы экинчи этап менен саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу керектигин айтты.

Мындан сырткары, экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. 

«Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм», — деп белгиледи Президент жана азыркы кырдаал чечкиндүү чараларды, стандарттан тыш мамилелерди талап кылып жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы саламаттыкты сактоонун гана көйгөйү болуп калбаганын, ал бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Коронавируска каршы көрүлүп жаткан коргонуу чаралары экономикалык активдүүлүктүн кескин түрдө төмөндөшүнө алып келгенин кошумчалады.

«Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олутуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айтты.

Иш-чара чет мамлекет башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда видеоконференция форматында өттү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.