Бишкек-Ош автожолдор дирекциясынын жооптуу кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 14:33
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бишкек-Ош автожолдор дирекциясында коррупциялык схеманы түзгөн үч жооптуу кызматкердин колго түшкөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкерлер жол үчүн жана автотранспортторду көзөмөлдөө максатында алынган каражаттардын аз бөлүгүн гана мамлекетке берип, калганын өз капчыгына салып келген деп айыпталууда.

Мекеме тараткан маалыматта «2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта Бишкек-Ош жолундагы бир эле стационардык посттон мамлекеттик казынага он миллион сомдон ашык зыян келтиргени»​ айтылат. Азыр министрликтеги аларды калкалап келген тараптар иликтенип жатканы да кошумчаланган.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул маалымат комментарий бере элек. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.