Өлкөдө коронавирус. Өкмөт башчы эмгек өргүүдө

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 10:27
1 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-майда вице-премьер-министрлеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өкмөт башчы Абылгазиев эмгек өргүүгө кетип жатканын билдирди.

«Бирок Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин эмгек өргүүсү учурунда өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аткарат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыкты сатууда ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.

Өкмөт ага «депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп жооп кайтарган. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөт өкүлдөрү түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирген.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокуратурасы билдирген.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Ошол эле учурда дүйнөнү титиреткен коронавирус пандемиясы Кыргызстанда да күчөөдө. 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Өлкөдө коронавирус. Өкмөт башчы эмгек өргүүдө” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Малик

    премьер Абылгазиев гелесого.
    Ушундай оор маалда кантип эс алат.
    Башка мамлекетте ушундай мамиле болсо котко тебип айдайт эле
    Президентке да бары бир экен.
    Пооозор

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.