Үйдө санитардык шарттарды жакшыртуу үчүн кантип грант алса болот. Бул багыттагы адис Жылдыз Турдугулова менен маек

Интервью, Окуялар тизмеги 27 Май 2020 19:16
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында өлкөдө алгачкы жолу үй чарбаларынын санитардык шарттарын жакшыртууга багытталган шыктандыруучу субсидия бере баштады. Бул долбоордун санитария жана гигиена боюнча адиси Жылдыз Турдугулова Elgezit.kg редакциясына жарандар шыктандыруучу гранттарды кантип алса болорун айтып берди.

Шыктандыруучу гранттар айыл тургундарына кандай максатта берилүүдө?

— Биздин өлкөдө таза суу көйгөйү менен бирге, ыңгайлуу, бардык талаптарга жооп берген ажаткана маселеси да курч экени белгилүү. Өзгөчө айыл жашоочуларынын үйлөрүндөгү көпчүлүк ажатканалар талаптарга жооп бербейт. Алар шамал, чымын-чиркейден корголгон эмес, натыйжада инфекциялык оорулар жайылышы мүмкүн.  Ал эми шарттары жок ажаткананы колдонуу экологияга зыян алып келет. Мындан сырткары, көп үйдө септик жок. Үйлөрүнө таза суу киргизгендерде ажатканадан, ашканадан, ваннадан чыккан кир сууларды кетирүү бир топ көйгөй жаратат, долбоордун алкагында биз ушул маселени чечүүгө жардам беребиз. Долбоорго катышып жаткан айылдардын тургундарына септиктерди туура куруу боюнча кеңеш берип турабыз, эгерде септик болбосо анда кир суулар топурактын курамын бузары бышык. Башкача айтканда, биздин максат — санитардык курулмаларды туура курууга үйрөтүү аркылуу элдин санитардык-гигиеналык жүрүм-турумун өзгөртүү. Биздин долбоорго катышып жаткан ар бир айылдарда ажатканаларды, септиктерди кантип туура курууну көрсөтсөк, башкалар дагы үлгү алат. Дүйнөлүк банк каржылык колдоо көрсөтүүдө.

— Субсидиялар кимге жана кандай шартта берилет?

— Субсидия алуу үчүн, үй ээсинин сөзсүз түрдө паспорту болушу зарыл жана жаңы, баардык талаптарга жооп берген санитардык курулманы куруу үчүн өз каражатын салуга даяр болушу керек. Эгер ушул шарттарга жооп берсе, жаран айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссияга арыз менен кайрылып, тиешелүү документтерди тапшырат. Андан соң санитардык курулманын каталогунан өзүнө ылайыктуусун тандайт. Алардын үч түрү бар. Биринчиси — желдетүүчү түтүгү бар тышкы ажаткана. Экинчиси – үй ичиндеги ажаткана жана септик. Үчүнчү түрү – ички, тышкы ажаткана жана септик. Тандоосуна жараша 100дөн 300 долларга чейин грант берилет.

Эскерте кетчү нерсе, субсидия санитардык курулмалар тиешелүү талаптарга жооп бергидей болуп курулса гана берилет. Бардык эржелер сакталышы үчүн долбоордун инженери үй ээсине кеңеш берет. Анын бардык талаптарга жооп берерин көз карандысыз адис аныктайт.

— Демек ажаткананы туура салууга долбоордун инженерлери жардам беришет экен да?

— Албетте! Себеби ажаткананы жана септикти курууда баардык эрежелер жана нормалар сакталуусу керек.

Башында инженерлер үйгө техникалык кароо жүргүзүп, курулманын чиймесин чийип беришет. Курулуш жүрүп жатканда дагы техникалык кеңештерин берип турушат. Өзгөчө жер алдында аң казууда жана темир-бетон куюлмасын куюуда туура орнотулушун көзөмөлдөө зарыл. Өзгөчө жер кыртышы борпоң болгон жерлерди катуу көзөмөлдөө керк, себеби ажаткана чөгүп кетет. Ошондой эле ажаткана үйдөн, өзгөчө суу чыккан жерден тиешелүү алыстыкта болуусу керек. Антпесе, суу булганат жана бул ден-соолукка зыян алып келет. Ажаткананын көзөнөгүнүн капкагы жана желдетүүчү түтүктүн болушу да маанилүү, себеби алар инфекциялык оорулардын  таралуусунан сактайт. Балдар түшүп кетпеши үчүн көзөнөк дагы кичирээк өлчөмдө болушу керек. Тилекке каршы, өлкөдө ушундай учурлар да катталган.

Кошумчалай кетсем, учурда долбоордун аракети менен үйлөрдө ажаткана, септикти туура курууга багытталган санитардык эрежелер жана нормалар иштелип чыгууда. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти бекиткенден кийин жалпы элге сунуштама катары таратылат.

– Субсидияны кайсы айылдардын жашоочулары ала алат?

— Учурда субсидиялар Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак жана Көтөрмө айылдарына берилүүдө. Келечекте 16 айылдын тургундарына берүү пландарыбыз бар. Алар Ош облусунун Кыргыз-Ата жана Кашка жол, Чүй облусунун Ибраимов, Бурана, Ак-Бешим жана Курама айыл өкмөттөрүнө караштуу айылдар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.