КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келишкен Ирина Карамушкина жана Рыскелди Момбеков партиянын катарынан чыгышты. Бул тууралуу саясий бирикмеден билдиришти.
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина КСДП катарынан Адил Турдукулов менен бир партияда болууну каалабагандыгынан чыккандыгын айткан.
“Партиянын лидеринин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой, Адил Турдукулов тарапты тандашты” — деп жазган Ирина Карамушкина ачык кайрылуусунда.
Анын айтымында, Атамбаевдин уулдары түзгөн “Кыргызстан социал-демократтар партиясы» катарына жаңы мүчөлөрдү кабыл алып, парламенттик шайлоого катышканы турат.
Жаңы партияга Кодуранова, Жолдубаева, Турдукулов мүчө болбой турганын Карамушкина билдирген.
Ал эми Рыскелди Момбеков КСДПдагы ич ара каршылашкандардан улам партиянын катарынан чыга турганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, учурда КСДП партиясы Алмазбек Атамбаев түзгөн КСДП жана анын уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаевдер түзгөн “Кыргызстан социал- демократтар партиясы” болуп экиге бөлүндү.
Атамбаевдин уулдарынан бул кадамы Адил Турдукулов тарабынан сынга алынган.
«Ушундай оор кырдаалда КСДП мүчөлөрүн бир муштумга бириктирүүгө басым жасап, идеялаш саясатчыларды бир партияга чакырышы керек эле. Бирок Атамбаевдин балдары өздөрүнчө кайрылуу жасап, ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатат. Саясий кеңештин мүчөлөрүнө бул көрүнүш бүдөмүк ойлорду жаратып, ыңгайсыз абалда турабыз» — деген Турдукулов.
Адил Турдукулов да КСДП катарынан чыга турганын ЖМКга кабарлады.
КСДП негиздеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор кылмыштарга шектелип, камакта жатат.