Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 18:32
0 ой-пикир

«БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу жарандык активист соцтармактагы баракчасында билдирди.

Жоробеков өзүн колдоп чыккандарга ыраазычылык билдирип, биринчи күндөрү абакта отурганда кысымдар болгонун, коомдо жана соцтармактарда анын камалышы боюнча чоң нааразычылык жаралганда гана ага болгон мамиле өзгөргөнүн белгиледи.

«Менин азыр эң чоң байлыгым — силердин ишенимиңер. Бул ишеним менен мен, өзүн жерде пайгамбар же кудайга теңеп, элди коркутуу, үркүтүү менен башкарам дегендер менен күрөшөм. Алардын акчасы бир күнү түгөнөт, а биздин Кыргызстандын жаркын келечегине болгон ишеним эч качан өчпөйт», -деп жазды блогер.

«БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 2019-жылы 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып койгон.

Бул чечим жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон.

«БеспределKG» баракчасына Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.