150 миң сом пара менен кармалган прокурор эки айга камакка алынды

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 15:53
0 ой-пикир

150 миң сом пара алып жатканда кармалган Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы эки айга камакка алынды.

Мындай чечим 24-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, сотко чейинки териштирүү аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Эскерте кетсек, УКМК 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. колго түшүргөнүн билдирген.  Прокуратуранын кызматкери арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.