150 миң сом пара алып жатканда кармалган Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы эки айга камакка алынды.
Мындай чечим 24-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, сотко чейинки териштирүү аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.
Эскерте кетсек, УКМК 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. колго түшүргөнүн билдирген. Прокуратуранын кызматкери арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.
Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.