Финпол: Депутат Кубанычбек Жумалиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү аныкталды

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 16:39
0 ой-пикир

КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) КР Башкы прокуратурасы тарабынан катталган КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда К.Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары белгилүү болду. Ошондой эле, К.Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев аттуу жаран өзүнүн байлыгын мыйзамсыз жасаган деп бир нече саясатчынын атын атап өткөн. Бул саясатчылардын ичинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин да ысымы айтылган. Кийинчерээк, Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча ИИМ тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.