Журналист Болот Темировго кол салуу боюнча алгачкы сот жараяны өттү

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 12:15
0 ой-пикир

Кечээ, 22-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча биринчи сот отуруму өттү.

Анда шектүүлөрдүн кепилдик менен үй камагына чыгаруу өтүнүчү канаттандырылган жок. Кийинки соттук отурум 18-июнга жылдырылды.

Эске сала кетсек, быйыл 9-январда Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен. Темиров бул кол салууну кесиби менен байланыштуу деп эсептейт.

Журналистке кол салуу фактысы боюнча төрт жаран кармалгандыгын Ички иштер министрлиги билдирген.

Factheck.kg басылмасы бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.