Сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан каралат

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 20:21
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Судьялар кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгү, анын ишин жана жалпы эле сот системасын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чечимдер жана белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигине токтолду.

Мисал катары ал судьялардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кеңеш тарабынан судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө жобо иштелип чыккандыгын билдирди.

Ошондой эле ал соттук-укуктук реформанын алкагында соттук актылардын реалдуу, толук, өз маалында камсыздалышы аркылуу сотторго ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, эки өз алдынча бөлүм түзүлгөнүн баса белгиледи. Алар: соттордун чечимдерин аткарууга жана анын сапатын көтөрүүгө гана жооп берген Мажбурлап аткартуу кызматы менен сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоого жана сот аппараттарынын кадрдык потенциалын жакшыртууга көңүл бурган Сот департаменти.

Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Сот реформасынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу экендигин кошумчалаган Президент бул багытта ишти күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сот жана сот-аткаруучулук блоктор бөлүгүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат тутумун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңеши судьялык өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү, судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иш алпарган судьялык өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.