«Жунушалы Кашкаро», «Кенжекул Исламбек»,- комитетте төрагалык кылган Тазабек Икрамов

Окуялар тизмеги 20 Май 2020 14:07
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 18-майда кезектеги отурумун өткөрдү. Жыйында аскер тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Комитеттин отурумун депутат Тазабек Икрамов алып барып, төрагалык кылды.

Столундагы кагазды: «2020-жылдын 23-мартындагы №182 токтому. Баяндамачы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басар… мм… министри Жунушалы Кашкаро Астаканович (РЕД. ички иштер министри Кашкар Жунушалиев). Сөз баяндамачы урматтуу… орун басары келген ээ бул жерге… Кенжегул Исламбек», — деп окуган Тазабек Икрамов залдан кимдир бирөөнү издеп жатты.

Ал ортодо ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев: «Тазабек Икрамович, мен Орозалиев, ички иштер министринин орун басары», — деп кайрылды.

Микрофондун башын бурган Икрамов Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерин: «Сен эмне анан башканы алып келип жатасың, башты айландырып», — деп тилдеп, күнөөнү ага түртө салды.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун сүйлөө маданияты байма-бай сынга алынып келет. Ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» наамынын ээси. 

Булак; Баракелде

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.