Президент Европадан Кыргызстанга келчү жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылууну сунуштады

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 19:24
0 ой-пикир

Бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында айтты. 

Мамлекет башчысы Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду.

«Биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө «жашыл коридорлорду“ түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, Биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынын көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун колдо бар механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Комиссиянын тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдери кээ бир мүчө-мамлекеттер тарабынан толук түрдө аткарылбай жатканын белгилөө менен Мамлекет башчысы ЕЭК Коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу боюнча  ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Европадан жана Украинадан Кыргызстанга келе турган товарлар менен жүктөрдүн эркин транзитин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция форматында өттү.

Учурда Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри биримдиктин мүчөлөрү болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.