«Атамбаевге боштондук». Мурдагы президенттин тарапташтары соттун алдында — сүрөт

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 13:27
0 ой-пикир

Бүгүн,18-майда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум белгиленген.

Сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары иш боюнча өтүп жаткан айыпталуучуларды колдоо максатында чогулушту. Алар саясий туткундарды бошотууну талап кылып, колдоруна плакат кармап турушат.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин жана айрым жактоочулардын сотко келбегенине байланыштуу сот отуруму жылдырылды.

Кийинки соттук териштирүү 25-майда саат 10:00 өтөрү белгиленди.

Соттук териштирүү аяктагандан кийин белгисиз аял Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата чуу чыгарып, чагымчыл аракет жасоого аракет кылды. Анын аракеттери өз убагында укук коргоо органдары тарабынан токтотулду. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.