“Чоң Казаттын” артында кимдер турат же эмне үчүн байларды тоноого чакырык катуу чыгууда. II бөлүм

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Май 2020 21:34
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

 «Чоң казаттын» артында ким турат?  

Кыргыз коомчулугу божомолдорду жакшы көрөт. Ошондуктан “Чоң казаттын” айланасында көптөгөн ушактар айтылып, алардын түзүлүшү, саясий технологиялык максаты жана каржылык колдоосу тууралуу ар кандай кептер айтылууда.

Мисалы, айрымдар “Чоң казат” Атамбаевдин колдоосундагы Урмат Барыктабасовдун долбоору экенин айтышууда. Мындай кептердин жаралуусуна кыймылдын лидерлеринин Ысык-Көлдөн экени себеп болуп жатса керек.

Башка версия боюнча “Чоң казат” – бул бийликтин долбоору, анын жардамы менен өз алдынча иш кылган байларды сүрүп чыгарып, аларды бийликке жакыныраактар менен алмаштыруу аракети. Өз учурунда Владимир Путин Ельциндин олигархтарын жоготуп, алардын ордуна “Озеро” деп аталган белгилүү кооперативдеги досторун алып келген.

Бирок “Чоң казат” эч кандай буйрутмачылар жок эле, негиздөөчүлөрдүн эле долбоору дегендер да бар. Бир чети бул кыймыл популярдуу болуп кеткендиктен көптөгөн саясий күчтөр булар менен иштешкиси келсе керек. “Чоң казатчылар” ар кандай сунуштарды кабыл алары 13-майда белгилүү болду. Максат Мамытканов YouTube аркылуу алар (кыймылдын лидерлери тууралуу айтты окшойт) шайлоого катыша турганын ачык жар салды.

Баса, Мамыткановдун бул билдирүүсүнөн кийин кыймылды адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн кыймыл катары санагандардын ою ойрон болуп, кадимки эле шайлоо алдындагы долбоор турбайбы деген күдүк ойлорду жаратты. Ошондуктан жакынкы күндөрү “Чоң казаттагыларды” кайсы бир партиянын тизмесинин сап башынан көрүп калуубуз толук мүмкүн. Балким, дал ушул максатта “Чоң казатчылар” ушул оюнду ойлоп чыгышкандыр.

 «Чоң казат» феномени

Биринчиден, бийлик “Чоң казаттын” феноменин анализ кылып, коомчулукта адилеттүүлүккө болгон суроо-талап жогору экенин аныктаса болот. Бул багытта кандайдыр бир тең салмактуулук болбосо, анда кедейлер байларды тоноого барып, ушундай жол менен өз алдынча социалдык адилеттүүлүктү орнотууга аракет кылышы мүмкүн. “Чоң казатчылардын” чакырыктарына коомчулуктун реакция кылганынан улам бул чыныгы коркунуч экенин түшүнүү керек.

Экинчиден, мамлекет өзүнүн милдеттерин толук кандуу аткарбай, функциясын бейрасмий топторго тарттырып бара жатат. 7-апрелде абал ушундай болгон, ошол маалда ар бир саясатчы өзүнүн кичинекей отрядын чыгарып, өлкөнү бөлүп кете жаздаган. Ошондон тарта азыркыга чейин саясатчылардын “спортчулар” командасы бар болгону артыкчылык катары саналып келет. Учурда “Чоң казат” сыяктуу долбоордун бар экени коомчулук бийликтин коррупция менен күрөшүп жатканына ишенбестигинен кабар берет.

Үчүнчүдөн, бийлик “Чоң казатчылар” сыяктуу кыймылдарды колдоп жаткандай да туюлат. Себеби алар ачык эле мыйзамдарга каршы келген чакырыктарды жасап жатканына карабай, укук коргоо органдары шашпай иш алпарууда. Кыймылдын мүчөлөрүнө эч ким расмий жооп берген жок, эч ким аларды башка блогерлердей кылып УКМКга чакырган жок. Бирок Кубанычбек Жумалиевдин бизнес-империясын текшерүү боюнча тез эле чечим чыкты. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бул иш менен алек болуп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Бул жерде бийлик “Чоң казаттын” ыкмасын колдоп жаткандай түр калтырды. Бирок чындыгында текшерүү Жумалиев азыркы бийлик үчүн өз кишиси болбогондуктан башталды, деги эле “Чоң казаттын” тизмесиндегилердин арасында бийлик менен достук мамиледе болгон олигархтар жокко эсе. Эртең “Чоң казатчылар” менен сүйлөшүү болбосо тез эле байып кеткен “өздөрүнүн” мамлекеттик кызматкерлери бутага илинбейт деген кепилдик жок.  Бирок бул дагы кооптуу. Себеби прецедент түзүлгөн жерде рецидивден качып кутулуу мүмкүн эмес. Демек, “Чоң казатчыларды” туурагандар да чыкпай койбойт деген кепилдик жок, себеби эч ким тыюу салбай эле да.  

Дагы бир тенденция тууралуу. “Чоң казаттын” артында интеллигенттүү, акылдуу, билимдүү адамдар турат. Ошондуктан мыйзамга каршы чакырыктар эки эсе коркунучтуу десек болот. Себеби эмне кылып жатканын билип турушат.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

“Чоң Казаттын” артында эмне турат же ким жана эмнеге байларды тоноого чакырык жасоодо” аталышындагы материалдын 1-бөлүгүн бул жерден окусаңыз болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.