Кой-Таш окуясы: Соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтүүдө

Окуялар тизмеги 11 Май 2020 10:56
0 ой-пикир

Бүгүн, 11-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Сотто  Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Айыпталуучулар №1 тергөө абагынан жана УКМК тергөө абагынан алынып келинди. Сот залында иш боюнча өтүп жаткандар арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Ошондой эле райондук соттун имаратына айыпталуучулардын туугандары жана жакындары чогулду.

Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 200дөн ашык адам жабыркаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.