Алтынбек Сулайманов: Өкмөт бизнести укпай жатат, диалог жок болсо кызматташтык да болбойт

Интервью, Окуялар тизмеги, Экономика 10 Май 2020 00:07
0 ой-пикир

Коронавирус күчөп жатат. Саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда эгерде соода павильондорунун, унаа оңдоочу жайлардын жана сулуулук салондорунун ээлери кызматкерлерин санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоого милдеттендирбесе, анда иштөөгө чектөө киргизилиши мүмкүн экенин айтып коркутту. Ага бизнесмендер нааразы болушту.

Антикризистик планга да ишкерлердин ичтери чыккан жок. Бюджет 30 миллиард сом жоготуп жаткан маалда, ишкерлерге бөлүнүп жаткан 14 миллиард сом менен экономиканы сактап калууга мүмкүн эмес.

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов  Elgezit.kg редакциясына  берген маегинде бизнес-коомчулуктун дооматы менен макул экенин билдирди. Депутат кризис менен күрөшүүдө мамлекеттин саясатын тамырынан туура эмес деп эсептейт. Өкмөт эл аралык финансылык уюмдардын берген акчасын алууну улантып жатат, бирок ал каражаттарды реалдуу секторду колдоого эмес, бюджеттин “жыртык-тешигин” жамоого жумшап жатат. “Бул жумурткадан жасалган шорпо”, — деди Алтынбек Сулайманов.

—11-майдан тарта Кыргызстан өзгөчө абалдан этап менен чыга баштайт. 1-майдан тарта кызмат көрсөтүү тармагындагы айрым ишканалар иштеп баштады, аны менен катар эле ооруну жугузгандардын саны да дароо өстү. Азыр карантинден толугу менен баш тартуу керек беле?

— Өзгөчө абалды жеңилдетүү керек. Бул жерде эки ача пикир болбошу керек. Бир айдан ашуун убак үйдөн чыкпай жатабыз: бизнес токтоду, жакында элдер нан сатып алууга акча таппай калышат. Бюджетке азыр эле 10 миллиард сом түшпөй калды. Дароо айтып кетейин, бул болжолдуу гана сан, балким, мындан да көп болушу мүмкүн. Бул сумма салыктардын чогулбагандыгынын кесепетинен улам келип чыкты. Мындай абалда эмне кыл дейсиңер? Өкмөт экономиканын айрым тармактарынын ишин этап менен жандандыруу алгоритмин иштеп чыкты.

Бирок экинчи толкунга да даяр болушубуз керек. Массалык иш-чараларга жана көп сандагы кишилердин чогулуусуна чектөөнү калтыруу керек. Биз экинчи жолу жаңылбашыбыз керек, себеби биздин жарандардын саламаттыгы жана ден-соолугу башкы орунда.

— Конспирологдор жана футурологдор COVID-19 жөн гана ойдон чыгарылганын, дүйнөгө тараган пандемия атайын сүйлөшүлүп жасалган иш экенин айтып келишет. Сиз коронавирустун бар экенине ишенесизби?

— Албетте, ишенем. Жада калса, мага бул кимдир бирөөнүн ойлоп тапкан планы деген ой да келген эмес. Коронавирус инфекциясы – бул чындык. Эми биз аны менен жашаганга көнүшүбүз керек. Мен мекендештерди чыдамкайлыкка жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат элем.

— Кайрадан экономикага кайтсак. Кедей куру убада менен тоюнуп калбайт. Реалдуу секторду колдоого Өкмөт 14 миллиард сом бөлдү. Сиздин көз карашыңызда, бул сумма жетиштүүбү?

— Жок. Экономиканы колдоо үчүн 14 миллиард сом деген бул өтө аз каражат. Өкмөт бюджетке 30 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн деп божомолдоп жатат. Эми салыштырып көргүлө: мисалы, Өзбекстандын антикризистик фонду эл аралык институттардан 1,625 миллиард доллар ($375 миллионду Эл аралык валюта фонду, 750 миллион долларды — Дүйнөлүк банк жана 500 миллионду — Азия өнүктүрүү банкы) алат экен, ал эми Армениянын бийлиги ишкерлерди колдоого 200 миллион доллардан ашуун каражат бөлүүдө.

COVID инфекциясынын кесепети менен күрөшүүгө эл аралык финансы институттары ири өлчөмдөгү каражаттарды бөлүүдө. Бирок биз ал акчалары реалдуу секторду колдоого жумшоонун ордуна бюджеттин чыгымдарын жаап жатабыз. Жумуртка менен шорпо жасап жатабыз. Тезирээк бутка туруш үчүн экономикага каражат салып, бизнести “арзан” акча менен камсыз кылуу зарыл. Пайдалуу шарттарда, үстөгү 0,75-1 пайыздан ашпаган каражаттарды тартуу керек жана элдин көп бөлүгү эмгектенип жаткан  чакан жана орто бизнеске 4-5 пайыз менен насыя берүү зарыл. Бул банктын пайдасын жана операция жүргүзүүгө кеткен чыгымын кошкондо да ишке ашырса боло турчу иш.

Чакан жана орто бизнес өнүккөндө гана биз жумуш орундарын түзө алабыз. Бул жумушсуздук маселесин чечип, салыктардан түшкөн каражаттар бюджеттин тартыштыгын жабат. Насыяларды алуу муктаждык жок болот жана карызга да батпайбыз.

Парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду жылдырууну үнөмдөөнүн бир варианты катары карасак болобу?

— Финансылык абалдан эмес, коронавируска байланыштуу абал кандай болорун караш керек. Кризис маалында таза шайлоону кантип өткөрсөк болот? Эгерде шайлоо күзүндө өтө турган болсо, анда кыска мөөнөттө көптөн бери күттүрүп келген санариптештирүүнү ишке киргизиш керек. Башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү зарыл. Добуштарды сатып алуу болбошу керек жана эл топтолпошу керек. Саясий кызыкчылыктарыбыз деп калктын жашоосун тобокелчиликке салганыбыз болбойт. Чыгымдарды азайтууга өтүү зарыл, саясий күрөш үчүн, дебаттарды өткөрүү үчүн жана идеяларды, программаларды презентация кылуу үчүн катышуучуларга онлайн-платформалар түзүлүшү керек. Башкача айтканда, эски практикадан баш тартып, шайлоону форматын өзгөртүү зарыл.

— Келиңиз эми бизнестин көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшөлү. Эл аралык ишкерлер кеңешинде Өкмөттүн антикризистик планында бир катар маанилүү багыттар камтылбай калганын белгилешти. Ата мекендик ишкерлер эмнеге муктаж?

— Көйгөйдүн баары бийлик бизнести укпай жатканында, ал эми диалог жок болсо кызматташтык да болбойт. Өкмөт бизнес тармагындагылардын иши тез өз нугуна түшүүсү үчүн биринчи кезекте эмнеге муктаж экенин дагы деле аныктаган жок. Жеке сектордун жандануусу үчүн мамлекет шарт түзүүсү керек, бул төлөмдөрдү узартуу дегендик эмес, аларды толугу менен кайра карап чыгуу керек дегендик. Тынымсыз текшерүүлөрдү, отчетторду жана башка бюрократиялык иштерди токтотуп, санарип форматка өтүү абзел. Аткаминерлер менен түз байланыш болбошу керек. “Колун майлабасаң иш жүрбөйт” деген түшүнүк болбошу керек. Өкмөт бизнеске кийлигишип, ага тоскоол болбой, каржылоонун жеңилдетилген булактарын издөөсү зарыл.

— Демек, Өкмөт коронакризис менен күрөшүүгө даяр эмеспи?

— Иш жүзүндө ушундай болуп жатат. Министрлер кабинети экономиканы жандандыруу боюнча ыкчам планын кечээ эле жарыялашы керек эле. Бизде чакан жана орто бизнес, кызмат көрсөтүү тармагы жана туризм жабыр тартты. Мисалы, кызмат көрсөтүү тармагында миллиондон ашуун адам эмгектенет, ал эми экономиканын негизги багыттарынын бири болгон туризм тармагындагы жоготуулар 80 пайызды түзүп жатат. Бул ири масштаб. Дагы бир жолу кайталап кетейин, күнүмдүк каражат таап жан баккандар акчасыз калышты.

— Мындай оор учурда Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөтүнүн ишине кандай баа бересиз? Депутаттар анын отставкасын талап кылышабы?

— Бир эле Абылгазиевди иштен кетирүү менен көйгөй чечилип калбайт. Көз карандысыздыкты алгандан бери Борбордук Азиядагы бир дагы өлкө Кыргызстандагыдай болуп премьерин көп алмаштырган жок. Бирок бул деле жакшы натыйжа бербеди. Адамдарды эмес, системаны алмаштыруу керек. Коомчулук жаңы, компетенттүү, кризис маалында чечкиндүү кадамдарга бара алгыдай элитага суусап турат, антикризистик менеджерлерге муктаж. Бизге жаңы көз караш жана идеялар керек, эскиче ой жүгүртүүнү токтотуу абзел. Өлкөнү жаңыча ойлонгон адамдар өзгөртө алат.

Макул, азырынча премьерди ордунда калтырып туралы. Биздин мигранттар тууралуу сүйлөшсөк. Пандемиянын айынан Россиядагы ар бир бешинчи мигрант жумушсуз калды. Аларды мекенинде деле кучак жайып тосуп алышпайт, жумушчу орундар жок. Өкмөт эмне кылышы керек?

— Мен айтып жүргөндөй эле, мигранттарды мекенине алып келүү керек, алар биздин жарандар. Бүгүнкү күнү Россияда расмий маалыматтар боюнча 640 миң кыргызстандык эмгектенет. Бул экономикалык активдүү жарандардын 20 пайызы. Алар которгон каражаттар ИДПнын 30 пайызын которушат, демек мигранттарыбыз биздин ири инвесторлор. Учурда алар маянасыз калышты, үй-бүлөлөрү финансылык жардамсыз калды. Бул бир топ кооптуу абал, бюджеттин тартыштыгы жана жумушчу күчтөрдүн көптүгү криминогендик абалга жана социалдык каршылыктарга алып келет.

Бул маселени чечүү үчүн Өкмөт кыска мөөнөттө экономиканы өзгөртүп, Кыргызстан атаандаш боло ала турчу адистештирилген тармактарды өнүктүрүүсү керек. Кайрадан эле ишкерлик жана бизнести колдоо менен. Ушундай жол менен гана өзүбүздүн өндүрүштү жолго салып, жумушчу орундарды түзө алабыз.

— Биздин сөзүбүздүн башында сиз эл аралык финансы институттарын эске салдыңыз, бирок ЕАЭБ тууралуу бир дагы ооз ачпадыңыз. Сиз бул интеграциялык бирликке нааразысызбы? Мындай бирликтин кереги жок деп айтканыңыз дагы эске түшү жатат. Позицияңызды түшүндүрүп бере аласызбы?

— Менин айткандарымды анча так эмес чечмелеп жатасыз. Тактап кетейин: ЕАЭБдин негизин товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин айлануусу түзөт. Бирок алар иштебей жатат. Ал эми коронавирустан улам чектөөлөр киргизилгени – бул ЕАЭБдин нормаларын түздөн-түз бузуу. Ар бири жуурканды өзүнө тартып, жалгыздап жанын багууга аракет кылып жатса колдоо тууралуу кайдан сөз болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.