Президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Жеңиш майрамына карата айткан куттуктоосундагы «беш жыл» деген сөзгө түшүндүрмө берди.
«9-Май — 1418 күн, же 3 жыл 10 ай бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн” дегенге караганда элдин оозунда айтылып жүргөндөй, 1941-45 календардык жылдар жалпыланып “5 жыл бою күткөн” деп айтылды. Мамлекет башчысынын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктоосун кабыл алып, аталарыбыздын эрдигине таазим этели» — деп айтылат президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматында.
Эске сала кетсек, президент өзүнүн куттуктоосунда «9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн» деп сүйлөгөн. Куттуктоонун тексти president.kg сайтына жарыяланган.
Мамлекет башчынын бул сөздөрү социалдык тармакта талкуу жаратып, 1941-1945-жылдардын аралыгындагы согуш төрт жылга созулганы, президент беш жыл деп ката айтканы талкуулана баштаган.