Бийлик мамлекеттик органдардын чыгымдарын 10,6 млрд сомго кыскартты

Окуялар тизмеги 07 Май 2020 08:45
0 ой-пикир

Өкмөттүн онлайн-конференция жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом жактырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус пандемиясы өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинен улам бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылганын билдирди.

«Жыйынтыгында министрликтердин жана мекемелердин, анын ичинде президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд. сомго азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул республикалык бюджеттин учурдагы каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт», — деди Абылгазиев.

Казынадан бөлүнгөн 3,5 млрд. сомдун 640 млн. сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 млн. сому азык-түлүк коопсуздугуна жана 868 млн. сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталды. Мындан тышкары cаламаттык сактоо тармагын, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык программаны каржылоо 4,3 млрд. сомго көбөйдү.

Өкмөт башчынын айтымында, пенсиялар жана жөлөкпул өз убагында толук төлөнөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.